КАРА-ТЕЙИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:06, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТЕЙИТ – Ош облусунун Чоң Алай районунда­гы кыштак. Жекенди айыл округуна караштуу. Ак-Суу суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2200 м би­йикте жайгашкан. Райондун борбору Дароот- Коргон кыштагынан 56 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 380 км. Кыштак 19-кылымдын ба­шында негизделген. Калкы 1323 (2007); негизи­нен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мек­теп, мечит бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, ФАП иштейт.