КАРА-СӨГӨТ
КАРА-СӨГӨТ – Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы кыштак. Катта-Талдык айыл округуна караштуу. Керме-Тоонун этегинде, деңиз деңг. 1460 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу ш-нан 66 км түш.-чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 21 км. Калкы 1583 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана ж-а ФАП бар.