КАРА-СУУ КӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СУУ КӨЛҮ Көк-Ирим тоосунун батышын­да, Кеңкол (түштүгүнөн) м-н Такталык (түндүгү­нөн) тоолорунун аралыгында деңиз деңг. 1998 м бийикте жайгашкан. Кара-Суунун (Нарын д-нын сол куймасы) башында. Токтогул р-нунун ай-

Кара-Суу тоо көлү.

магында. Аянты 4,2 км2, көлөмү 223,5 млн м3. Эң терең жери 153 м. Көлгө 10 өзөн куят, негиз­гиси жогору жагындагы Капка-Таш көлүнөн агып чыгат. Андан башталган суу бөгөт аркы­луу 280–300 м төмөн жагынан сарыгып агып чыккандыктан, көлдүн деңгээли 20–25 мге че­йин өзгөрүп турат.