КАРА-СУУ (Нарындын сол куймасы)
КАРА-СУУ – Токтогул районундагы суу, Нарындын сол куймасы. Узундугу 89 км, алабынын аянты 1080 км2. Фергана тоо тизмегинин түндүк капталындагы Капка-Таш ж-а Кара-Суу көлдөрүнөн башталат. Жогорку агымы Капка-Таш аталып, өрөөнү кууш. Тоодон чыга бериште өрөөнү кеңийт да, Нарынга куят. Жылдык орточо чыгымы 10,4 м3/сек. Көп чыгымы июнда, азы мартта байкалат. Май айында кире баштап, ноябрда тартылат. Ири куймалары: Кайыңды-Суу (32 км), Жаңгакты (15 км), Шылдырак (13 км) ж-а Кара-Багыш (12 км). Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Кара-Көл шаары жайгашкан.