КАРА-САЙ (Кара-Буура районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:56, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-САЙ – Талас облусунун Кара-Буура районун­дагы кыштак. Бакайыр айыл округуна караш­туу. Деңиз деңгээлинен 2100 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыштагынан 35 км түштүк-батыш тарапта. Маймак темир жол бекетинен 35 км. Кыштак 1932-жылы негизделген. Калкы 3759 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китеп­кана, клуб, мончо бар. Турмуш-тиричилик кыз­матынын бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер то­бу, дарыкана, соода түйүндөрү, тегирмен, май­жуаздар иштейт.