КАРА-САЙ (Кара-Буура районундагы кыштак)
КАРА-САЙ – Талас обл-нун Кара-Буура р-нундагы кыштак. Бакайыр айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 2100 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыш-нан 35 км түш.-батыш тарапта. Маймак т. ж. бекетинен 35 км. Кыштак 1932-ж. негизделген. Калкы 2790 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, мончо бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, дарыкана, соода түйүндөрү, тегирмен, майжуаздар иштейт.