КАРА-ОЙ ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ОЙ ЖАРЫМ АРАЛЫ Ысык-Көлдүн түн. жээгинде. Кара-Ой кыш-нын жанында. Көлгө 3,1 км кирип жаткан аккумуляциялык урчук. Туурасы 4,5 км. Кумдук, чопо, шиленди тектер­ден түзүлгөн. Голоценде туурасы 2,1– 0,74 км болгон тектир пайда болгон. Эки капталынан Чоң-Кой-Суу ж-а Чолпон-Ата сууларынын өрөөндөрү м-н чектешет. Суу астындагы улан­дысы 2,5 кмге (20 м тереңдикке чейин) созулат. Жээгинде кумдуу пляждын тилкеси (туурасы 10 мге чейин) бар. Батыш жээги шагылдуу сай­роондордон турат. Капталдарында кумдук тоо тегинин такталары 3–5 м тереңдикке чейин же­тет. Чыгыш жээгинин ортоңку бөлүгүн (300 мге чейин) кумдук текши каптайт. Кара-Ой тумшу­гундагы кумдуу пляж 1979-жылдан 1985-ж. че­йин 100 мге кеңейген. Жарым аралдын чыгыш жагында (тумшукка жакын) туурасы 10–50 мге жеткен лагуналар жатат. К.-О. ж. а-на эс алуу жайлары курулган.