КАРА-МЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:50, 18 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-МЫК – Ош облусунун Чоң Алай районундагы кыштак. Жекенди айыл округунун борбору. Ак- Суу суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2360 м бийик­те жайгашкан. Райондун борбору Дароот-Кор­гон кыштагынан 41 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 376 км. 19-кылымдын башында не­гизделген. Калкы 2485 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгекте­нет. Орто мектеп, китепкана, клуб, мечит, чек ара заставасы, сейсмология станциясы, байла­ныш түйүнү бар. Оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу, соода түйүндөрү, турмуш-тиричилик кыз­матынын бөлүмдөрү иштейт.