КАРА-МОЙНОК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-МОЙНОК ТООСУ – Ички Теңир-Тоодогу Жумгал кырка тоосунун бир тармагы. Түштүгү­нөн Батыш ж-а Чыгыш Сөөк суулары, түндүгү­нөн Каракол өрөөнү чектейт. Чыгышында Коч­кор, батышында Суусамыр тектон. өрөөндөрү жатат. Уз. 64 км, эң жазы жери 16 км, орт. бийикт. 3850 м, эң бийик чокусу 4281 м (Кара- Мойнок). Негизинен төмөнкү палеозойдун гра­нит, порфир, сланец ж-а гранит-диорит тоо тек­теринен турат. Түн. капталында алгачкы плейс­тоцендин мореналары бар. Батышы жапыз, түн. капталы тик. Мында тектон. жарака аркылуу неогендин чополуу тектери бийик көтөрүлгөн.
Неотектон. тиби – мегантиклиналь. Торпу м-н Сөөктүн сол куймаларынын ж-а Каракол суусу­нун башы мөңгүлүү. Шалбаалуу талаа (2500– 2800 м), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а шал­баалуу талаа (2800–3800 м), нивалдык (3800– 4200 м) ландшафт зоналары мүнөздүү. Терең


өрөөндөрдүн айрым жеринде (3000 мден төмөн) майда бадалдар өсөт.