КАРА-КҮНГӨЙ (Токто­гул районундагы кышта

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КҮНГӨЙ – Жалал-Абад обл-нун Токто­гул р-нундагы кыштак. Чолпон-Ата айыл ок­ругуна караштуу. Деңиз деңг. 1260 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаар­часынан 64 км түн.-батыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 294 км. Кыштак 1974-ж. негиз­делген. Калкы 1246 (2008); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет.