КАРА-КУЛЖА (Узун-Акмат суусунун оң куймасы)
КАРА-КУЛЖА – Узун-Акмат суусунун оң куймасы. Токтогул р-нунун аймагы аркылуу агат. Уз. 60 км, алабынын аянты 651 км2. Чаткал кырка тоосу м-н Талас Ала-Тоосунун тутумдашкан жериндеги мөңгүдөн башталып, Узун-Акмат (түн.) ж-а Ат-Ойнок (түш.) тоолорунун ортосунда батыштан чыгышка карай агып, Узун- Акматка куят. Өрөөнүндө карагай, бадалдар, суу бойлой кайың, тал, четин, арча өсөт. К.-К-га 80ден ашуун өзөн куят, ирилери: Ат-Айнок, Найман-Суу (оң), Өкүм, Ыргайлы, Көл (сол). Апрелде кире баштап, октябрда тартыла баштайт. Негизинен булак (49%), кар, мөңгү (46%) ж-а жаан-чачын (5%) сууларынан куралат. Алабында жалпы аянты 6,2 км2ге жеткен 20дан ашык мөңгү бар. Жылдык орт. чыгымы 10,5 м3/сек. Сугатка пайдаланылат.