КАРА-КОЮН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КОЮН – Ат-Башы суусунун сол куйма­сы. Ат-Башы р-нунун аймагы аркылуу агат. Уз. 81 км, алабынын аянты 1820 км2. Ат-Башы кырка тоосунун батыш бөлүгүнүн түн. капта­лындагы Бел-Кара-Суу ашуусунан башталып, жазы өрөөн аркылуу түн.-чыгышты карай агат. Суу бойлой созулуп жаткан тектирлердин би­йикт. 20–30 м. К.-К. суусунун өрөөнү Ат-Башы өрөөнүнүн батыш бөлүгүн ээлейт. Алабынын де­ңиз деңг. бийикт. 2000–3100 м. Төмөнкү агы­мында нугунун өрөөнү саздуу келип, салаалар­га бөлүнүп, Ат-Башы суусуна куят. Жылдык орт. чыгымы 1,38 м3/сек. Эң чоң чыгымы июль– августта (40,3 м3/сек), эң азы февраль–мартта байкалат. Апрель–сентябрда кирип, октябрь– мартта тартылат. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Ири куймалары: Бурган-Суу, Чойчап, Бел-Тепши (сол); Ичке, Таш-Рабат, Шырыкты, Баш-Келтебек (оң). Бо­юнда Кара-Суу, Казыбек, Ак-Талаа, Кызыл-Туу, Кара-Булуң, Дыйкан, Жаңы-Күч кыш. жайгаш­кан. Сугатка кеңири пайдаланылат.