КАРА-КАБАК (Чоң Алай районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:48, 14 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КАБАК – Ош облусунун Чоң Алай районун­дагы кыштак. Кашка-Суу айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 2840 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Дароот-Коргон кыштагынан 48 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 238 км. Калкы 825 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.