КЕҢ-КОЛ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢКОЛ КӨРҮСТӨНҮ – 2–5-к-га таандык ар­хеол. эстелик. Талас өрөөнүндө Кеңкол суусу­нун сол өйүзүндөгү тектирде, Манас чокусунун түн.-чыгыш ж-а чыгыш жагында жайгашкан. 100гө жакын таш дөбө ж-а топурак дөбө кор­гондордон турат. Соңку коло доорундагы кор-

гондор да бар. Таш-Дөбө коргондун диаметри 6– 15 м, бийикт. 0,3–1,2 м. Ал эми топурак дөбөнүн диаметри 8–12 м, бийикт. 0,5–1 м. Дөбөнүн ал­дында дромос (өткөөл) ж-а жарма мүрзө жай­гашкан. Өткөөл тик бурчтук формасында, уз. 2–8 м, туурасы 0,7–1,2 м. бийикт. 0,8–1,2 м; таш такталар м-н жабылып коюлган. Дромос жарма мүрзөгө перпендикуляр жатат. Мүрзөлөр сүйрү келип, уз. 2–3 м, туурасы 1–2 м, бийикт. 0,8–1,2 м. Маркумдардын сөөгү чалкасынан жат­кырылып, башы түн.-чыгышты карай караты­лып, алдына тактай төшөлүп, кээде арча та­быттарга коюлган. Көпчүлүгүнүн башы дефор­мацияланган. Алар бирден, экиден, кээде тобу м-н көмүлгөн. Көрлөрдөгү буюм-тайымдар ба­йыркы убакта эле уурдалганына карабастан, анда карапа идиштер, жыгач чөйчөк, оймо-чий­меленип жасалган таманы жайпак жыгач идиш­тер (кумара, табак ж. б.), айрым убакта согул­ган себет, буттары бар жыгач үстөл, көп санда­ган кооздук буюмдар (сөйкө, чолпу, шуру, биле­рик, шакек, күмүш күзгү, каш боёчу таякча ж. б.), үй-тиричилик буюмдары (темир бычак, бүлөө, ийик ж. б.), курал-жарак (жаа, учу те­мир жебе, канжар ж. б.), жүндөн, жибектен жасалган кийимдердин калдыктары, такасы жок булгаары өтүк ж. б. табылган. 1938–39-ж. А. Н. Бернштам изилдеген. Ал 12 дөбө-коргонду казган, анын 11и жарма мүрзө болгон. 1956– 57, 60-ж. Кыргыз ССР ИАнын Талас археол. отряды (жетекчиси: Ы. Кожомбердиев) дагы 26 жарма мүрзөнү казган. 2001–02-ж. археолог Б. Аманбаева казып, сөөк буюмдарды ж. б. тап­кан.


Ад.: Бернштам А. И. Кенкольский могильник. Л., 1940; Кенкольский могильник. Большая Российская энциклопедия. Т. 13. М., 2009.