КЕҢ ЭКРАНДУУ КИНО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ ЭКРАНДУУ КИНО́ – көрүү талаасы чоңой­тулуп ж-а стереофон үн м-н тартылган, кеңири экранда көрсөтүлүүчү кино. К. э. к. тартуу идея­сы кинематограф (кыймылдагы объектини жа­рык, сезгич тасмага тартуучу ж-а ал сүрөттү экранга көрсөтүүчү аппарат) ойлоп чыгарылган­дан башталган. Азыркы К. э. к-лор ар түрдүү тех. системалар (анаморфот оптикалуу, узата кадрлуу, кең тасмалуу системалар) м-н тарты­лат. Анаморфот оптикалуу система м-н К. э. к. тартууда кино аппараты анаморфоттук объек­тив кийгизме м-н жабдылат да, объектинин кино кадрдагы сүрөтү горизонталь б-ча «жый-


рылат». Кинотасманын өлчөмдөрүн өзгөртпөй туруп, жактарынын катышы 1:2,55 болгон сүрөт алынат. Мындай фильмди экранда көрсөтөрдө кино көрсөткүч аппараттын объективине ана­морфоттук кийгизме орнотулат да, тартылган­да «жыйрылып» түшкөн сүрөт горизонталь б-ча чоюлуп көрсөтүлөт. Экрандын туурасы 15–22 м болот. Үндү угузуу үчүн үч каналдуу система кол­донулуп, 3 же 4 топтон турган күчөтүп сүйлө­гүчтөр пайдаланылат. «Синерама» системасы 1952-ж. АКШда иштелип чыккан. Бул система м-н тартылуучу ж-а көрсөтүлүүчү кинофильм­дин ар бир кадры катар коюлган кино тар­туучу аппарат м-н 35 ммлик үч кинотасмага ай­рым тартылат. Конструкциясы бири-бирине карата 48° бурч б-ча жайгаштырылат. Бул ка­мералардагы тасма бирдей (синхрондуу) жыл­дырылат. Фокус ж-а диафрагма үч объективде бир убакта коюлат. Үч тасманын ар биринен позитив чыгарылат. Кинотеатрдагы атайын конструкциядагы экранга бир маалда айрым үч позитив көрсөтүлөт. «Караш-караш» (реж.
Б. Шамшиев, 1968), «Ак илбирстин тукуму» (Т. Океев, 1984), «Теңир» (Мари де Поншели­вил, АКШ м-н бирге, 2008), «Уурунун махаба­ты» (Э. Абдыжапаров, 2009), «Свет аке» (Актан Арым Кубат, 2010), «Аталар керээзи» (Нурбек Эген, 2007) ж. б. фильмдер кең экрандуу фор­матта тартылган. Кырг-нда К. э. к. «Ала-Тоо», «Октябрь», «Россия», «Манас» ж. б. кинотеатр­ларда көрсөтүлөт.