КЕРГИЧ
КЕРГИЧ – көркөм кол өнөрчүлүктө колдонулуучу аспап. Ал саймачылыкта пайдаланылат. К. жумуру жыгачтан төрт чарчы же тегерек кылып жасалган алкак. Анын бетине сайма сайылчу кездеме керилет. Чоң К. бир гана жыгачтан туруп, кездеменин четтери ага чырашталып бекитилет. Сайма сайылуучу кездеменин керилген бөлүгүнө көчөт түшүргөндөн кийин, четиндеги чырашты сөгүп, жылыштырып, кайра жөрмөп бекитип турат.