КЕРБЕН (Аксы районундагы шаар)
КЕРБЕН , К э р в э н, К а р а в а н – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы шаар (2004-жылдан). Аксы р-нунун ж-а Кербен шаар башкармалыгынын борбору. Бозбу-Тоонун батышында, деңиз деңг. 1300 м бийикте жайгашкан. Шамалды-Сай т. ж. бекетинен 80 км аралыкта. Кыштак катары 1870-ж. чейин негизделген. Калкы 14 миңдей (2008); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. Беш орто мектеп, китепкана, жатак ж-а кесиптик-тех. лицейлери, спорт мектеби, кинотеатр, мад-т үйү (400 орундуу), мечит (Азрети Умар атн.), парк, оорукана ж. б. бар. В. И. Ленинге, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. «Ыман-Ата» АКсы (мурдагы май заводу), «Гүлазык» жоопкерчилиги чектелген коому (мурдагы шарап з-ду) ж. б. иштейт.