КАРА-ЖЫГАЧ (Аксы районундагы кыштак)
КАРА-ЖЫГАЧ – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Кара-Жыгач айыл округунун борбору. Авлетим суусунун боюнда деңиз деңгээлинен 920 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 35 км түндүк-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 60 км. Калкы 1785 (2008); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.