КЕПТӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕПТӨӨ – чылгый териден шири идиштерди жасоо ыкмасы. Тоборсуган чылгый тери жаса­луучу идишке ылайыктап бычылып ж-а тиги­лип, оозуна тегерек алкак бекитилип, ичине жумшак топурак шыкалат да, сыртынан кол м-н чапкылап, тиешелүү түргө (мис., көнөктүн түбү жалпак, чоргосунун түбү жоонураак, учун төмөн карай ийилтип, оозу тарыраак ж-а бөй­рөктүү кылып кептелип, желдеп турган көлө­көгө коюлган) келтирилген. Ал тоборсуган соң, бетине калемдей мукур учталган катуу жыгач (четин, арча, шилби ж. б.) м-н түрдүү оймо-чий­ме түшүрүлүп кооздолгон. Абдан кургатылып, ышталгандан кийин (3–5 сутка) урунууга жа­рактуу болгон.