КАРА-ДӨБӨ (Чүй районундагы кыштак)
КАРА-ДӨБӨ – Чүй районундагы кыштак. Искра айыл округуна караштуу. Кызыл-Суу суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 948 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чүй кыштагынан ж-а Токмок темир жол бекетинен 17 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 1274 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, ФАП бар. Мончо ж-а соода жайлары иштейт.