КАРА-ДӨБӨ (Кара-Суу районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ДӨБӨ – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Отуз-Адыр айыл округуна караштуу. Ош – Өзгөн автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1020 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору ж-а темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 18 км түштүк-чыгыш тарапта. Калкы 2092 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.