КЕЛЬТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛЬТТЕР , г а л л д а р – тили ж-а мад-ты жагынан индиевропа тилине жакын байыркы уруулар тобу. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын 2-жа­рымында Альп тоолорунун түн. ж-а батыш та­рабында (Франция, Бельгия, Швейцария, Түш. Германия, Австрия, Чехия, Венгрия, Болгария, Түн. Италия, Түн. ж-а Батыш Испания, Бри­тан а-нын азыркы аймагы) жашаган. Римдик­тер К-ди галлдар деп аташкандыктан, алар жашаган жерлер Галлия деп аталып калган.
Б. з. ч. 6–5-к-да К-де уруулук түзүлүш ыдырап, уруу ак сөөктөрү бөлүнүп чыккан. К. гальштат мад-тын (б. з. ч. 900–400) ж-а латен мад-тын (б. з. ч. 1-миң жылдыктын 2-жарымы) түзгөн. К. кийин ибер, иллирия, фракия ж. б. уруулар м-н аралашкан. Б. з. ч. 2-к-да К. Түн. Италия­дагы римдиктердин кысымынан улам Чехия­нын азыркы аймагына отурукташкан (ал уруу­лар бойа, алар отурукташкан жер Богемия деп аталган). К. бойа, гельвет, белг, секван, лингон, эду, битуриг, арверн, аллоброг, сенон, тревер, бел­ловак сыяктуу уруулардан турган. К. дыйкан­чылык ж-а мал чарбачылык м-н кесиптениш­кен. К-ди римдиктер караткан соң (б. з. ч. 1-к-дын ортосу) романдаштырылган. Англия, Франция ж-а Бельгия элдеринин калыптанышында К-дин этнос элементтери маанилүү роль ойногон.