КАРА ТОПУРАК
КАРА ТОПУРАК – шалбаалуу ж-а токойлуу талаа зоналарында көп жылдык чөптүн чиришинен пайда болгон топурак түрү. Орг. заттарга бай, гумустуу катмарынын өлчөмү 4–6%тен 9– 10%ке чейин жетет. К. т-тын курамында кальций туздары м-н чополуу чөкмө породалар бар. К. т-тын пайда болуу процессинде минералдар чопого айланып, анын үстүңкү катмарында биохим. кубулуштардын таасири м-н кыртыштын курамында түрдүү заттар, гумин к-талары ж. б. азык заттар пайда болуп, кыртыштын күрдүүлүгү артат. К. т-туу жерлерге дан эгиндери, жүгөрү, көп жылдык чөп, мөмө-жемиш токою өстүрүрүлөт ж-а жайыт өсүмдүктөрү жакшы өсөт. К. т. гумустуу (чиринди) катмарынын калыңдыгына жараша өтө калың (150–180 см), калың (80–120 см), орт. калың (40–80 см), жука (40 см) болуп бөлүнөт. К. т. Жер шарында үч суббореалдык обл-ка бөлүнөт: Евразия, Түн. Америка ж-а Түш. Америка. Кырг-нда К. т. Ысык Көл өрөөнүнүн чыгыш райондорунда, Чүй, Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Нарын обл-нун Нарын, Ат-Башы ж-а Тогуз-Торо р-ндорунда көбүрөөк кездешет.