КЕЗДЕМЕ
КЕЗДЕМЕ – атайын токуу станогунда жиптерден эриш-аркак токулган текстиль материалы. Кээде К-ге түк, оймо-чийме, сүрөт түшүрүү үчүн эриш-аркактан жиптерден башка да кошумча жиптер пайдаланылат. К. эндей ж-а даана түрүндө (жоолук, дасторкон ж. б.) иштеп чыгарылат. Калыңдыгы 5 ммге, эни (туурасы) 1,5 м ге

жетет. К. була курамы, арналышы, о. эле, токуп чыгаруу, көркөмдөө ж-а түр салуу ыкмаларына карата класстарга бөлүнөт. К. бардык текстиль булалары м-н жиптерден токулат. Текстиль ө. ж. тармагына ж-а көп колдонулуучу була курамына жараша кебез, кендир, жүн, жибек К. ж. б. болуп айырмаланат. К-нин түрү бир тектүү, аралаш ж-а бир тектүү эмес даярда-
лат. Бир т е к т ү ү К. бир түрдүү буладан жасалган жиптен же 10% башка жип аралаштырылат, а р а л а ш К. түрдүү булалардан даярдалган жиптерден кезектештирилип токулат. Арналышына карата кездеме тиричилик ж-а тех. болуп бөлүнөт. Болжол м-н К-лердин жалпы санынын 2/3 бөлүгү тиричилик К-си болуп эсептелет. Алар кийимдик (ич кийим, тыш кийим ж. б.), көркөмдүк (эмеректик, пардалык ж. б.) ж-а ным сиңиргич (сүлгү, салфетка ж. б.) болуп айырмаланат. К. токулуп чыккандан кийин жасалгаланат. Анда жуулат, агартылат, боёлот, ар кандай түр салынат ж. б. технол. процесстерден өткөрүлөт.