«КЕДЕЙКАН»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЕДЕЙКАН» – кыргыз эл дастаны. Анда со­циалдык мамилелер курч көрсөтүлүп, таптык жиктелүү ачык байкалат. Ушундан улам бул дастан феодалдык-патриархалдык мамилелер өкүм сүрүп турган мезгилде пайда болгон деп болжолдоого болот. Эки варианты бар. Бирин­чиси – Калык Акыевдин айтуусундагы Токто-


гулдун варианты, 1938-ж. жарык көргөн. Ал 1954-ж. Токтогул Сатылгановдун ыр жыйнагы­на басылган. Экинчиси – К. Мифтаков Алым­кул Үсөнбаевден жазып алган вариант. «К.» дас­танынын баш каармандары – Керээз (Кедейкан), Гүлсаана кемпир ж-а Азимкан. Керээз жетим өсүп, эр жеткенде кан болот. Ал жаштайынан эмгекчил, ар нерсеге жөндөмдүү болуп өсөт, акылмандыгы, айлакердиги м-н Азимканды жеңип, бийликке жетет. Такка отурган күндөн эле Кедейкан карапайым элдин акыл-насаатын, кеп-кеңешин угуп, адилет мамиле кылат. Гүл­саана – жетим-жесирге кайрымдуу, мээримдүү ж-а меймандос каарман. Кедейканды да Гүлсаана багып тарбиялап өстүрөт. Элге үстөккө-босток салык салып, тегерегине эшен, кожо-молдолор­ду топтоп, элди алдап жүргөн Азимкан элдик көз караштан алганда зулумдугу үчүн жазала­нат. «К.» – көркөмдүк жактан жетик ж-а идея­сы терең, кыргыз элинин дүйнөгө көз карашын, түшүнүгүн, ой-санаасын, тилегин чагылдырган тарбиялык мааниси зор чыгарма.