КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНУН РЕВОЛЮЦИЯЛЫК КОМИТЕТИ
КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНУН РЕВОЛЮЦИЯЛЫК КОМИТЕТИ – Кара
Кыргыз АОнун (к. Кара Кыргыз автономиялуу облусу) 1924-ж. 21-октябрдан 1925-ж. 30-мартка чейин башкарган убактылуу бийлик органы. РСФСР БАКтын Президиумунун чечими м-н түзүлүп, ага И. Айдарбеков башында турган 17 киши кирген. К-т адегенде Ташкент ш-нда жайгашып, 1924-ж. декабрда Пишпекке көчкөн.
Анын негизги милдети – обл. бийликтин
мамл. аппаратын түзүү ж-а жөнгө салуу, Советтердин уюштуруу съездин даярдоо ж-а аны өткөрүү болгон. Мамл. пландоо комиссиясын түзүп, чарба, экон., финансылык ж. б. маселени колго алган ж-а Кырг-ндагы калктын санын, улуттук курамын ж-а малдын санын, жер аянтын, токой байлыктарын тактоо б-ча иштер аткарылган. 1924-ж. 22-ноябрда уюштуруу маселесин тейлөө үчүн Аттестациялык комиссия түзүлүп, борборду, округду, районду башкарууга кадрлар тандалган. Ревкомдун алдында 14 бөлүм иштеген (админ., дыйканчылык, сот, прокуратура, саламаттык сактоо, билим берүү, ички иштер, жумушчу-дыйкан инспекциясы ж. б.). Пленардык жыйындарда кабыл алынган чечимдер мыйзам күчүнө теңелип, бардык мамл. мекеме ж-а коомдук уюмдар үчүн сөзсүз аткарылууга тийиш болгон. Мис., 1924-ж. 12- ноябрдан 1925-ж. 15-мартка чейин 51 жыйын
өтүп, анда 665 маселе б-ча чечим чыгарылган. 1925-ж. Советтерге шайлоо өткөрүлүп, округ, район, болуштуктарда аткаруу к-ттери шайланган. Ошол эле жылдын 27–30-мартында Кыргыз АО Советтеринин 1-уюштуруу съезди өткөн. Съезд И. Айдарбековдун отчётун угуп, к-ттин ишин канааттандырарлык деп тапкан. Съездде
11 кишиден турган Облаткомдун президиуму (төрагасы А. Орозбеков) шайланган.
Ад.: История Киргизской ССР с древнейших времен до наших дней. В 5-и томах. Ф., 1986; Курманов З. К. Политическая борьба в Кыргызстане: 20-е годы. Б., 1997; Жуманалиев А. Политическая история Кыргызстана (Становление политической системы Кыргызского общества). Б., 2005.