КАРА КЫЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА КЫЗ (Lappulla Moench) – өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумунун уруусу. Бир, эки же көп жылдык бозомтук түктүү чөп. Жалбырагы сыз­гычтай (ланцеттей). Гүлү майда, ачык көгүш, беш мүчөлүү. Топ гүлү – бурулча. Мөмөсү төрт бөлүктүү жаңгакча, илмек тикендүү, ошондук­тан малдын жүнүнө уйгактай жабышат. Түш. Америка м-н Африкада, о. эле Австралия ж-а Түн. жарым шардын мелүүн алкактарында 50гө жакын түрү кездешет. Кырг-нда 15 түрү тоо эте­гинде, арык боюнда, аңызда, дың жерде өсөт.
К. к. уруусунун көп түрү – отоо чөп.