КИТЕП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИТЕП (ар. – жазма) – 1) көлөмдүү басылма; 2) маалыматты сактоонун, аны муундан-муун­га өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн бир формасы. Илим-билим, мад-т, адабий-көркөм чыгармалар­ды жайылтуунун, сактоонун маанилүү каража­ты. Ал коомдук мааниге ээ. Алгачкы китепти байыркы вавилондуктар, ассириялыктар ылай-

дан жасашкан. Алар жумшак ылай тактачага учтуу таякча м-н өзгөчө белгилерди чийип жа­зышкан. Андан кийин тактачаны кургатып, отко бышырышкан. Мындай ылай тактачалар­дан китептер түзүлгөн. Ал эми Кытайда алгач­кы китептер бекем жипке кабатталып өткө­рүлгөн жука бамбук тактачалар түрүндө болгон. Кийинчерээк кытайлар кыл калемди тушка ма­лып, жибекке жазышкан. Байыркы Египетте таш такталарга чегип, К. жазышкан. Кийин алар папирусту ойлоп табышкан. Камыштын сөңгөгүн жалпайтып таптап, бири-бирине улаш­тырып, узундугу ондогон метрге жеткен тасма жасашкан. Жазуу жазылган мындай тасманы түтүк кылып ороп сакташкан. Египет папирусу ошол кездеги эң мыкты жазуу каражаты ката­ры Байыркы Грекия м-н Римде да дээрлик 2 миң жыл пайдаланылган. Кийин Кичи Азия­дагы Пергам падышалыгы учурунда (б. з. ч. 2-к.) жаңы жазуу материалы катары – айбанаттар­дын терисинен пергамент жасалган. Папирус м-н пергамент өтө кымбат болгондуктан, Ба­йыркы Грекия м-н Римде аларды үнөмдөө үчүн адегенде мом чапталган тактачага учтуу таякча м-н жазышып, андан кийин гана папируска же пергаментке көчүрүшкөн. Ал эми о. кылымдар­да К-ти пергамент баракчаларынан жасалган дептерге кол м-н жазышкан. Барактары бүк­төлүп же бырышып калбас үчүн дептерлерди эки жагына жыгач такта коюп бириктирип көк­төшкөн. Жыгач тактаны булгаары же кездеме м-н капташкан. Азыркы биз билген К-тин ал­гачкы формалары мына ушинтип пайда болгон. Бирок анын белгилүү 2 негизги тарыхый түрү бар: биринчиси – түрмөк (б. з. ч. 4–3-миң жыл­дыктар), кийин ал 2–4-к-дан кодекс м-н алма­шылган. К. даярдоо б. з. ч. 7-к-да Египеттен Грекияга, андан Римге өткөн. 105-ж. кытай че­бери Цой Лунь кагазды ойлоп тапкан. Алгач­кы К. 11-к-да Кытайда пайда болгон. 13-к-дан Европада негизги жазуу материалы катары ка­газ колдонулуп, 15-к-дан К. басылып чыга баш­таган. Орустун байыркы кол жазма К-и 11-к-га таандык («Остромиров инжили», 1073, 1092 ж. б.). Кол жазма доорунда К. каллигр. өзгөчө сулуулугу м-н бааланып, К. басып чыгарууну көбөйтүүгө көңүл бурулган. 15-к-дын 40-жыл­дары Европада немис ойлоп табуучусу И. Гу­тенберг (Германия) эң жөнөкөй станок м-н К. чыгаргандан кийин К. тарыхында жаңы доор башталган. Ал 42 саптуу Библияны полигр. жол м-н басса, оюм-чийимди К-ке П. Шеффер (1457) биринчи түшүргөн. 1461-ж. А. Пфистер (Бамберг­ле) К-ти тактайга оюлган сүрөт м-н көркөмдөп, 15-к-дын 70–80-жылдары Э. Ратдольт (Венеция) К. басуу ишинде түрдүү боёк колдонгон. 15–16- к-да басмаканачылар үнөмдүү, кооз, окууга эптүү ариптерди издей баштаган (к. Арип). Россияда К. басууга И. Фёдоров ж-а П. Мстиславец би­ринчи жол ачып, 1564-ж. «Апостол» деген К-ти басып чыгарышкан. Орус К-ин басып чыгаруу­да агартуучу Н. И. Новиковдун (1744–1818) үлүшү чоң. 18-к-дын акырында кагаз машина­сы, 19-к-дын башында басма машина, 2-жары­мынан терип басуу машинасы колдонулган. Бийиктиги бир жарым метрге жеткен, бир адам көтөрө алгыс өтө чоң ж-а эң кичинекей «эрге­жээл» ж-а почта маркасындай болгон К-тер да бар. 20-к-дын башынан фототехниканын колдо­нулушу м-н К. басып чыгарууну механикалаш­тыруу кыйла өркүндөгөн. Тех. прогресс К-тин формасын ж-а таратуу жолдорун өзгөрттү: Ин­тернетке жайгаштырылган ж-а компьютер­дин эсинде сакталуучу санариптүү К. фонддору пайда болду. Электрондук форматта жазылган К. электрондук К. (же е-китеп), ал эми аудио­форматтагысы аудиокитеп деп аталат. Учурда