КИРОВ кыштагы, Ысык-Ата району

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́РОВ – Чүй обл-нун Ысык-Ата р-нундагы кыштак. Ак-Кудук айыл округуна караштуу. Кырг-н машина сыноочу станциясынын айма­гында, деңиз деңг. 697 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кант ш-нан 6 км түн. тарапта. Кыштак 1927-ж. негиздел­ген. Калкы 1681 (2007); негизинен дыйкан чар­баларында эмгектенет. Орто мектеп, китепка­на, медпункт бар. Турмуш-тиричилик кызма­тынын бөлүмдөрү ж. б. иштейт. Сов. коомдук ишмер С. М. Кировдун ысмынан аталган.