КИПЛИНГ
КИ́ПЛИНГ Жозеф Редьярд (30. 12. 1865, Бомбей – 18. 1. 1936, Лондон) – англ. жазуучу, журналист. Нобель сыйл. лауреаты (1907). 1882– 89-ж. Индияда жашаган. К-дин атагын «Казарма ырлары» (1892), «Жети деңиз» (1896), «Беш улут» (1903) деген ыр жыйнактары чыгарган. К. – «Жарык өчтү» (1890), «Ким» (1901) романдарынын, Мауглинин айбандар арасындагы турмушу ж-дө аңгемелердин («Жаңгел китеби», 1894; «Жаңгелдин экинчи китеби», 1895) автору. Ал элдик балладаларга жакын ырларды жазган. Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.
Чыг.: Рассказы. Стихи. Сказки. М., 1989.