КИНОТЕХНИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНОТЕ́ХНИКА – техниканын кинофильмдер­ди чыгаруу, көбөйтүү ж-а көрсөтүү каражатта­рын ж-а ыкмаларын иштеп чыгуучу тармагы. Сүрөт тартуучу ж-а көрсөтүүчү алгачкы аппа­ратты 1895-ж. фр. ойлоп тапкычтар Луи ж-а Огюст Люмерлер жасашкан. Ал аппарат «кине­матограф» (гр. kinema – кыймыл ж-а ...графия – жазуу, б. а. кыймылды жазуу) деп аталган. Бул аппараттын негизинде 1895-ж. Парижде эң би­ринчи кинотеатр ачылган. Кийин көп мамле­кеттерде ар кандай конструкциядагы тартуучу, көрсөтүүчү киноаппараттар пайда болуп, 1896- жылдан Франция, Англия, Россия, Бельгия, Германия ж. б. өлкөлөрдө кино көрсөтүлө баш­таган. Алгачкы фильмдер үнсүз, түссүз ж-а көлөмсүз тартылган. 1929-ж. Сов. Союзунда А. Шорин, П. Тагер ж-а В. Охотников биринчи жолу кинону үндөштүргөн. Биринчи кинотеатр ачылгандан кийин кинематография өркүндөтү­лүп, көп жетишкендиктерге ээ болгон. Фильм­дер үндүү, түстүү, кең экрандуу, кең форматтуу, стереофондуу, вариоскоптуу ж-а айланма пано­рамалуу тартыла баштаган. Кино чыгарууда ж-а көрсөтүүдө ар түрдүү аппараттар колдону­лат. Аларга кино тартуучу, үн жазуучу, плён­каны иштетип чыгаруучу, кинофильмдерди ба­суучу, көрсөтүүчү ж. б. аппараттар кирет. Кино тартуучу аппараттар ар түрдүү конструкция­да түзүлөт. Алар көрүнүштөрдү (сүрөттөрдү) би­ринин артынан бирин улай тартып, аларды өз убагында плёнкага түшүрүп калууга ылайык­таштырылат. Бир секундда тартылуучу кадрлар­дын саны кино тартуунун тездиги деп аталат.
Азыр К-ны үзгүлтүксүз өркүндөтүү – сүрөттү көр­сөтүүнүн ж-а үндү угузуунун сапатын жакшыр­туу, жарыкка өтө сезгич киноплёнкаларды түзүү, оптикалык басуу методу м-н фильмди бир фор­маттан башка форматка өткөрүп, көчүрүүчү жаб­дууларды жакшыртуу багытында иштер жүргү­зүлүүдө. 1990-жылдардан негизинен видеокаме­ра колдонула баштады.