КИНОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНОЛО́ГИЯ (гр. kyjn, илик жөндөмөдө ky- njs– ит ж-а ...логия) – ит ж-дөгү илим. Иттин анатомиясын, физиологиясын, тегин, порода­сын, итти багуу, үйрөтүү, эл чарбасында пайда­ланууну иликтейт. К. 19-к-дын 2-жарымында илим катары калыптанган. Грекия, Римде итти багуу, үйрөтүү ж-дөгү эмгектер б. з. ч. эле бел­гилүү болгон. Азыркы К. иттин негизги 3 ти­бинин (ишчил, аңчы ж-а эрмектик иттердин) көптөгөн породаларын изилдейт.


Ад.: Пуньетти Д. Собаки: Энциклопедия. М., 1998.