КИНОКОМЕДИЯ
КИНОКОМЕ́ДИЯ – кино искусствосунун бир түрү. К-га турмуштагы айрым көрүнүштөрдү күлкүлүү кылып көрсөтүү мүнөздүү. Анын көптөгөн жанрдык формасы ж-а түрлөрү бар. Азыркы К-да коомдук ж-а моралдык маанилүү маселелерди көтөргөн сатиралык ж-а лирикалык элементтер камтылат. Дүйнөлүк К. иск-восунун өнүгүшүнө белгилүү актёрлор А. Дид (Италия), Ч. Чаплин (АКШ), Фернандель (Франция), М. Пуговкин, Г. Вицин, Л. Гурченко, Е. Леонов, А. Миронов, А. Мягков, Л. Ахеджакова ж. б. (Россия) чоң салым кошкон. Кырг-нда айрым көркөм фильмдердеги («Менин жаңылыштыгым», «Арман», «Айыл өкмөтү» ж. б.) Ш. Түмөнбаевдин, А. Шаршеновдун, К. Абыловдун комедиялык ролдору таасирдүү.