КИНОГО ТАРТУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНОГО ТАРТУУ – кинотасмада тартылуучу объектинин кыймылынын ар түрдүү фазадагы сүрөттөлүшү бар бир катар ырааттуу кадрларды алуу; фильмди жаратуунун негизги этаптары­нын бири. Адатта К. т. 24 кадр/сек жыштыкта ишке ашырылат; аз жыштыктуусу киного жай тартуу, көп жыштыктуусу тездетилген, ыл­дамдатылган ж-а өтө ылдамдатылган К. т. деп аталат.