КИНДИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНДИК – адамдын ж-а сүт эмүүчү жаныбар­лардын түйүлдүгүн эне организми м-н туташты­руучу (чөбү же тону аркылуу) анат. түзүлүш.
Адамдын К-инин уз. 50–60 см, жоондугу – 1,5 смге чейин. К-тин кескен жеринин калган калдыгы түшкөндө, курсактын ортосунда ты­рык (чуңкур) пайда болот. Ал толук айыкпаса, кээде К. чуркусу болуп, аны таңып байлоо ж-а операция жолу м-н айыктырат.