КИМБЕРЛИ
КИ́МБЕРЛИ – Австралиянын түн.-батышындагы плато. Байыркы кристаллдык тектерден ж-а кумдуктардан, чыгышы базальттан турат. Бийикт. 936 мге чейин. Климаты субэкватордук, жайы нымдуу. Түштүгүндө кургакчыл, түндүгүндө дайыма жашыл эвкалипт токою мүнөздүү.