КИЛЕМЧИЛИК
КИЛЕМЧИЛИК – кыргыз элинин материалдык мад-тын, асыресе кол өнөрчүлүгүн, ой-кыялы м-н эстетикасын, турмуш-тиричилигин айкын чагылдырган элдик өнөрдүн бир тармагы. К. түш. ж-а түш.-батыш аймактарда жашаган кыргыз урууларына мүнөздүү. Кыргыз элинде негизинен жүл (түктүү) ж-а арабы (түксүз) К. жасалат. Жүл К. эриш, түр, аркактан турат. Эриши кой м-н эчки жүнүнөн жасалат. Ар кыл түстөгү жиптен салынган көчөттөр К-ге түр берип турат. Аркак

кадимки жүндөн, көбүнчө түрдөн, мурунку эриштердин калдыктарынан да ийрилет. Арабы К. жүл К-ге окшобой түксүз келип, аркагы болбойт, ошого байланыштуу түр да башкача салынат. Бул К. жеңил, бышык ж-а кооз болот. К-ге койдун кылчык жүнү, эчкинин кылы, төөнүн жүнү пайдаланылат. Жүндү боёодо испарек, чүкүрү, ачык таш, ачык суу (сирке), селитра ж. б. заттар пайдаланылат. К-ди токууда күзүк, адыргы, күзүк көтөргүч, килем токмок, бычак, кайчы, күйөө, салык жазгыч ж. б. аспаптар колдонулат. К-ди 4–5 аял токуп, чебери иштин жалпы жүрүшүнө, көбүнчө түр салууга көз салат. Эриш жип абдан чыйрак ийрилет да, эки каттап чыйратылып, башалмай (тоголок) б-ча сууга кайнатылат. Суусу сарыккан соң, аралыгы 4–5 м болуп бекем кагылган эки казыкка бүт эришти жүгүртүп, так орто жерине жоон жыгачты салып, катуу бурап-чыңдап бекитет. Ал кургагыча турат. Анан бөлөк-бөлөк үшмөктөп (чүйкөлөп) алат. К-ди токууда эң биринчи жерди тегиздеп, К. курууга керектүү казыктарды туура жыгачтарды же темир түтүктөрдү орнотот. К-ди токууда адегенде «жүгүрүү» иши башталат, б. а. эришти аштаманын баш ж-а аяк жыгачтарына өткөрүп, К-дин негизин түзөт. Андан кийин К-дин эриш жибин күзүктөп, күйөө жыгачка бөлүштүрүп байлап, күзүгүн көтөрүп, бир нече жолу аркак өткөрүп, башталышын бекемдеп, түр салууга өтөт. К. согууда эң биринчи «жапайы», «ала жип», «ала мончок», «кара-суу» деген ж. б. түрлөр токулгандан кийин, «үч тиш», «ашкана көчөт», «өрөжө», «мүшкүл», «нампар», «теке мүйүз», «ит таман», «ара тиш», «жолборс таман», «ийрек», «жарты шак» сымал татаал көркөм көчөттөрү ирети м-н берилет. Лейлек, Баткен ж-а Ноокатта жүл К-ди токууда төрт тарабына кыркалекей саамал оюмун түшүрүшөт. Саамал көчөтү көбүнчө кызыл-кара түстө болот. К-дин негизги көчөтү «кочкорек». Ал экиге бөлүнөт: «бүтө кочкорек» ж-а «сыңар кочкорек». Чыйратылган жиптин өңүнө жараша «күлкөптө», «эчки туяк», «бет мубурчук», «туура мүйүз», «карагай бутак», «нампар көчөтү» ж. б. көчөттөрдү келтиришет. Токуучулар көчөт түйүндөрүн чечүүдө эки жагына оң чыгарылганы «эки жүздүү кайкалак», бир аз из болуп сайылса «сыңар кайкалак», түгөйлөштүрүлүп сайылса «кош кайкалак» деп айырмалашат. Уздар К-ди ар кандай чоңдукта (аянтта) токушат. Токулган К-дин эң чоңу ордо К. аталып, аянты 5x3,5 мге жетет. Калы К. 3,5x2,5 м келип, көбүнчө керегеге, үйдүн дубалына тартууга ылайыкташтырылган. Төр К. аянттуу келип, жерге гана төшөлүп, өтө бышык болот. Уздар төөнүн жүгүн жабууга ылайыктуу атайын К. токушкан. Мындай чакан К. төө К. деп аталган. Көчүп-конууда урунууга жайлоо К-и токулган.