КИЙИМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЙИМ – тышкы чөйрөнүн ар кандай жагым­сыз таасирлеринен коргоочу буюмдардын (ич кийим, сырт кийим, баш кийим, бут кийим, кол кап ж. б.) жалпы аты. Турак жай м-н бир­ге К. – адам тиричилигинин негизги каражат­тарынын бири. Адамдын жан сактоого, ысык­сууктан ж-а мех. таасирлерден коргонууга мук­таж болушу К-дин келип чыгышын шарттаган. К-дин өөрчүшү адам эмгегинин, коомдук мами­лелердин ж-а мад-ттын өнүгүшү м-н кошо жүргөн. Натыйжада К-ге болгон көркөм табит жаралган. Адам өзүнүн сымбатына сын көз м-н карап, дене-боюндагы кемчилигин К-дин түрү м-н оңдоого аракеттенет. Адамдар соңку палео­лит доорунда эле айбан терисинен, куш кана­тынан, чөптөн, дарак кабыгынан ж-а жалбы­рагынан К. жасай баштаган. Неолит доорунда адамдар өсүмдүк булаларынан жип ийрүү, өрүү, таар сымал одоно буюм токуу өнөрүн үйрөнгөн. Дыйканчылык м-н мал чарбачылыкка өтүү зы­гыр, пахта, жут, кендир өңдүү өсүмдүктөрдүн булаларын ж-а мал жүнүн К-дик материал жа­соо үчүн иштетүүгө мүмкүндүк берген. Бара-бара мата (кездеме) К. жасалуучу негизги материал­га айланган. Айрым элдер К-ди бычып-тигип кийишсе, кээ бирлери кездемени жөн гана дене-


сине ороп-ороп алышкан. Жашоо ыңгайына, климаттык ж-а табигый (асыресе жер) шарт­тардын өзгөчөлүгүнө жараша көчмөндөрдө, дый­кандарда, тропиктик, арктикалык, мелүүн ал­кактарда жашагандарга К-дин ар кандай түрлөрү ж-а комплекстери пайда болгон. Кайсы доордо кайсы мамлекеттин саясий кадыр-баркы ашса, анын бийлөөчүлөрү кийген К. көп өлкөлөр үчүн үлгү болгон. Мис., 11–14-к-да Франциянын, 16- к-дын 2-жарымынан Испаниянын, 17-к-дын 2-жарымынан кайрадан Франциянын К. мода­лары Батыш Европада үстөмдүк кылган. 18- к-дын аягында Француз бурж. рев-ясынын таа­сири м-н Францияда сөөлөттүү ж-а кымбат К-дер бир кыйла демократташып, андан ары К. бара-бара жөнөкөйлөшө берген. Натыйжада Батыш Европада иштелип чыккан К. модала­ры дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тарала баштаган. Жеңил ө. ж-дын, токуу өнөрүнүн ж-а жасалма кездемелердин тынымсыз өсүшү К. модасынын айрыкча аялдар К-инин тез-тез өзгөрүп, жаңы­ланып жакшырып турушун шарттады. К-ди констр-лоо ж-а моделдөө өз алдынча өнөргө айланды. К-дин өзгөчөлөнүшүнө адамдын жы­ныстык ж-а курактык белгилери, үй-бүлөдөгү ж-а жамааттагы абалы, уруулук ж-а таптык айырмачылыгы да таасир тийгизген. Түрүнө жараша К. ич ж-а сырт К., баш кийим, бут кийим деп, ал эми тиричиликтеги милдетине жараша к ү н д ө л ү к (иш, малтабар) К., м а й­р а м д ы к (сый, дем алыш ж. б.) К., к а а д а­с а л т т ы к (нике тоюнда, аза күткөндө ки­йилүүчү ж. б.) К., а т а й ы н (өндүрүштүк) К., ф о р м а (аскерлердин, т. ж-чулардын ж. б.) К., с п о р т т у к К. ж. б. фасондорго ж-а түрлөргө бөлүнө баштаган. Саймачылыктын, кол өнөрчүлүктүн өөрчүшү К-дин көркөмдүк жагын арттырууга кызмат кылган. Калктар м-н улут­тардын калыптанышы улуттук (элдик) К-дин жаралышына алып келген. Улуттук К-дер эл­ден элге ооп, бири бирине таасир тийгизип, бел­гилүү бир аймакка (регионго) тиешелүү К. ком­плекси иштелип чыккан. Улуттук К-ден кара­пайым элдин нускалуу салттары, тапкычтыгы, эстетикалык умтулуулары, көркөм табити, сай­мачылык ж. б. өнөрү айкын көрүнөт. Улуттук кийим улам өзгөрүп, жаңыланып турат, улут­тук колори тти сактап, элди б ашкалардан өзгөчөлөп турат, к. Кыргыздын улуттук ки­йимдери.