КИЙИЗБАЕВА Сайра
КИЙИЗБАЕВА Сайра [7. 11. 1917, Пишпекке (азыр Бишкек ш.) жакын Төкөлдөш айылы – 10. 10. 1988, Фрунзе] – опера ырчысы (лирикадрамалык сопрано). СССР эл арт. (1958). Чыг-

лыгын 1936-ж. Кыргыз муз. драма театрында ырчы болуп иштөөдөн баштаган. Биринчи жолу Земфиранын романсын (А. Верстовский,
«Карт аң к үй ө ө – к ат аал күйөө», 1937) ж-а Ажардын (В. Власов, В. Фере, «Алтын кыз») ролун аткарган. Нота үйрөнүп, профессионал театр өнөрүн өздөштүргөн кезде К-га Айчүрөктүн (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Айчүрөк») ролу тапшырылып, аны 1939-ж. Кыргыз иск-восунун Москвада өткөн он күндүгүндө ийгиликтүү аткарган. 1940-ж. Москвага окууга жиберилген, бирок

согуш кедерги болуп, 1947–49-ж. гана Москва консерваториясынан билимин өркүндөтүүгө мүмкүндүк алган. 1942-ж. В. Власов жетектеген бригада м-н фронт аралап концерт берген. 1943-ж. Татьянанын (П. Чайковский, «Евгений Онегин») ролун жогорку чеберчиликте аткарып, дасыккан ырчы катары таанылган. 1956-жылдан М. Күрөңкөев атн. муз. окуу жайында окутуучу, 1967-жылдан Б. Бейшеналиева атн. КМИИде кафедра башчысы, проф., Кыргыз мамл. опера ж-а балет театрынын директору (1963–65) болгон. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат (2– 6-шайланышынын). Анын профессионалдык илгерилөөсүн Күлайым (М. Раухвергер, «Көкүл»), Каныкей (В. Власов, А. Малдыбаев, «Жаш жүрөктөр»), Лиза, Наталья (П. Чайковский, «Карганын маткеси», «Опричник»), Наташа (А. Даргомыжский, «Суу периси»), Ярославна (А. Бо-
родин, «Князь Игорь»), Тамара (А. Рубинштейн,
«Демон»), Маргарита (Ш. Гуно, «Фауст») ж. б. ролдордон көрүүгө болот. Баттерфляйдын партиясын (Ж. Пуччини, «Чио-Чио-сан») 1953-ж. Москванын Чоң театрында орус тилинде аткарышы К-ны союздук аренага тааныткан. К. муз. комедияларда да чебер ойногон. Буга Одарканын (С. Гулак-Артёмовский, «Дунайдын аркы
өйүзүндөгү запорожьелик»), Гүлчахранын (У. Гажибеков, «Аршин мал алан») жаркын образдары далил. К. чет элдик композиторлордун ырларын, романстарын чебер аткаруучу катары да таанымал. Ал концерттик ишмердиги м-н кыргыз музыкасын жайылтууга зор салым кошкон. Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Бишкек ш-ндагы көчөгө ысмы берилген.