КИБАЛЬНИКОВ
КИБА́ЛЬНИКОВ Александр Павлович [9 (22). 8. 1912, Саратов губ., Орехово кышт. – 5. 9. 1987, Москва)] – сов. скульптор, СССР эл сүрөтчүсү (1963). СССР сүрөт академиясынын анык

мүчөсү (1954). СССР Мамл. сыйл. (1949, 1951), Лениндик сыйл. (1959) лауреаты. 1963–66-ж. РСФСР сүрөтчүлөр союзунун Москвадагы башкаруу бөлүмүнө төрага. Монументалист, портретчи. К-дун чыгармаларына психологизм мүнөздүү. Негизги чыгармалары: Н. Г. Чернышевскийдин (коло, 1948; СССР мамл. сыйл., 1949). В. В. Маяковскийдин (коло, 1954), П. М. Третьяковдун (мрамор, 1962) портреттери (баары Третьяков гал.); Н. Г. Чернышевскийдин Саратовдогу (коло, гранит, 1953), В. В. Маяковский Москвадагы (коло, гранит, 1958) эстеликтери ж-а Бресттеги «Брест баатыр-чеп» мемориалдык комплекси (скульптор А. О. Бембель, арх. В. А. Король м-н бирге, 1971). Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.
Ад.: А. Кибальников. Альбом / сост. И. Т. Бирюкова.
М., 1982.