КЕЧКЕ-СУУ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЧКЕ-СУУ МӨҢГҮЛӨРҮ – Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталынан агып түшкөн Кеч­ке-Суунун төрүндөгү 2 мөңгү (Оң ж-а Сол). О ң м ө ң г ү н ү н уз. 11,3 км, аянты 22,5 км2, көлөмү 2,100 км3. Татаал-өрөөн тибиндеги мөңгү. Башы деңиз деңг. 6280 м, этеги 3700 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4990 м. Абляциясынын аянты 2,8 км2. С о л м ө ң г ү­н ү н уз. 5,3 км, аянты 10,2 км2, көлөмү 0,500 км3. Чуңкурчак тибиндеги мөңгү. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5400 м, этеги 4100 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4750 м. Абляция­сынын аянты 7,7 км2. Мөңгүлөрдөн Кызыл-Суу­нун сол куймасы – Кечке-Суу башталат.