КЕТМЕН (кырка тоо)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕТМЕН – Чыгыш Теңир-Тоодогу кырка тоо.
Батыш бөлүгү Казакстанда, чыгышы Кытайда. Уз. 300 км, туурасы 40–50 км. Эң бийик жери – Көк-Мелжиме чокусу (3658 м). Эффузив, аки­таш, айрым жерлери гранит тоо тектеринен тү­зүлгөн. Тоонун үстү тайпак, капталдары тик, терең капчыгайлары көп. Тоо этектерин талаа өсүмдүктөрү, андан жогорку түн. капталдарын карагай ж-а шалбаа ээлейт.