КЕТ БУКА
КЕТ БУКА (өзүнүн аты Бука) – болжол м-н 13- к-дын 1-жарымында Чыңгызхандын жортуулу учурунда жашаган акын. Ысымы уламышка айланган бул адам эл оозунда «өчкөн көңүлдү толкуткан улуу ырчы», комузчу, чечен гана болбостон, эл бийлеген бий, кара кылды как жарган калыс, ар кандай чыр-чатактын түйүнүн чече билген даанышман катары мүнөздөлөт. Кыргыздын найман уруусунан чыккан. Ал ж-дө сан-
жыра, уламыш, күү, легенда ж-а тектеш элдердин (ногой, казак) фольклорунда да маалыматтар сакталып калган. Чыңгызхандын улуу баласы Жучунун (Жучи) өлгөнүн (ал 1227-ж. каза болот) табышмактуу ыр м-н К. Б. угузган делет. Ырдын алгачкы тексти 13-к-да кыпчак талаасынан белгисиз перс автору тарабынан жазылып алынып, «Түрктөрдүн ата-теги» аттуу жыйнакка ж-а араб тарыхчысы Ибн-Аль-Асирдин (1323-ж. каза болгон) жылнаамасына кирген. Перс авторунун берген маалыматына караганда, Жучу Чыңгызхандын балдарынын эң улуусу болуп, атасы өтө жакшы көрүп, кадырлоочу экен. Анын өлгөндүгү ж-дө ордого кабар келгенде эч ким даап айта албай, ырчыны чакыртып келишет. Ал табышмактатып отуруп, баласынын өлгөнүн атасына туюнтат. Уулу
өлгөндөн алты айдан кийин Чыңгызхан каза болот. Угузуунун мазмунунан анын орду Дашт- Кыпчак талаасы экендиги ачык көрүнөт. Негизинен ушул чыгармадан башат алган варианттар казак, ногой фольклорунан да катталган. Бирок, угузуунун кыргыз фольклорунда айтылышы ногой, казак нускаларынан кескин айырмаланат. Кыргыз фольклорунда бул угузуу өз алдынча өнүккөн чыгарма болуп калган. Кара сөз түрүндө эки, ыр түрүндө төрт варианты бар, ар бири мазмуну, көркөмдүгү, стили жагынан такталып, калыптанып бүткөн чыгарма болуп саналат. Дээрлик бардык нускада угузган ырчы К. Б. же Бука (ногойлордо Кет Бука) аталып, акындык дараметинин күчтүүлүгү, комуздун муңдуу ыргагы м-н оор кайгыны айта билүү, туюндуруу устаттыгы, аткаруу чеберчилиги м-н окуяны Чыңгызханга жеткирип, өз сөзүн
өзүнө оодарып, хандын каарынан, өлүм жазасынан кутулуп кетет. Чыгарманын азыркы турпатында да 13-к-да кагазга түшүрүлгөн түрк ыры м-н генетикалык жалпылыгы бар ыр саптарынан сакталып калган. Айрым ыр түрмөктөрүнүн түрк ырына тутумдаш айтылгандыгына карабастан,кыргызварианттарындамаанисикеңейип, көркөмдүк-эстетикалык таасири арткан. К. Б-нын табышмагында, Чыңгызхандын
чечмелешинде, кайталангыс салыштыруулар, терең ойлор орун алып, угузуу азыркы турпатында да 13-к-дагы түрк ырынан алда канча бийиктикке көтөрүлгөн. Бул чыгарманын эл арасында көп айтылып, такталып, мазмундуккөркөмдүк жагынан калыптанып, өз алдынча
өсүп-өнүккөнүн тастыктайт. Ушул окуяга байланыштуу «Кет-Бука» күүсү да бизге жеткен ушул угузуунун сөздөрүнүн тереңдиги, образдуулугу К. Б-нын акындык кудуретин, көркөм сөздүн улуу чебери экендигин аныктап турат.
Ад.: Кыргыз эл ырчылары. Б., 1994. Мусаев С.,
Турдугулов А. Көркөм сөз өнөрү. Б., 1999.
Ы. Кадыров.