КЕСҮҮЧҮ СТАНОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕСҮҮЧҮ СТАНО́К – материалды атайын бө­лүктөргө бөлүп же ашыкча жерин алуу үчүн ар­налган металл шайман. К. с-тун кесүүчү авто­маттардан айырмасы төмөнкүлөр (жумушчу шайманы – кескич): эндүү бычактары бар кес­кич, токардык кесүүчү станок; араасы тоголок фрезалык кесүүчү станок (калыңдыгы 4–12 мм ж-а диаметри 350–1500 мм); араасы тасмалуу кесүүчү станок, о. эле, чанда колдонулуучу, тиши жок фрикциялык (сүрүлүп аракетке келүүчү) араалуу станок. Катуу металлдар электр учкун­дуу, ультра үндүү же лазердик иштетүүчү ста­ноктордо кесилет.