КЕСИПТИК ЖУМУШЧУ СТАНЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕСИПТИК ЖУМУШЧУ СТА́НЦИЯ , к е с и п­т и к ж у м у ш ч у с т а н ц и я с ы (англ. Professional workstation) – сандык ж-а интег­ралдык схеманын дизайны, арх-ралык чийме­лер, тех. долбоорлоо ж-а чиймелерди иштеп чы­гууда кесиптик колдонмолорду оптималдаш­тыруучу жогорку өндүрүмдүү жеке компьютер. К. ж. с-лар демейде чоң экрандуу, кубаттуу мик­ропроцессорду колдонот ж-а чоң өлчөмдүү эске ээ. К. ж. c. жеке компьютерлерге караганда кым­бат ж-а демейде Unix иштетүү системасынын башкаруусу м-н иштейт. Жумушчу станциялар­дын акыркы моделдери м-н жогорку өндүрүмдүү жеке компьютерлер арасындагы айырма барган сайын азаюуда. Себеби жеке компьютерлердин кубаттуулугу жогорулоодо.