КЕРЭЭЗ ЫРЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:49, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРЭЭЗ ЫРЛАРЫ – оозеки чыг-лыктагы каа­да-салт ырларынын түрү. Өлүм алдында жат­кан адам балдарына, жакындарына, тууган­туушканына акыл-насаат, арман иретинде ке­рээз айтат. Ошондуктан ага чоң маани берилип, көркөм ырга, жомокко айландырылган. Жомок­тордогу, эпостордогу К. ы-нда баатырларга элди жоодон коргоо, эл ынтымагын сактоо тапшы­рылат. Эпикалык чыгармаларда каармандар ошол чыгарманын өзүндө да айтат (мис., «Ма­нас» эпосундагы «Көкөтөйдүн керээзи», «Мана­стын Каныкейге айткан керээзи», «Курманбек» эпосундагы «Курманбектин досу Акканга айт­кан керээзи», «Саринжи-Бөкөй» дастанындагы «Жамгырчынын Бөкөйгө Саринжини табышта­ган керээзи» ж. б.).