КЕРМЕКТЕР
КЕРМЕКТЕР (Plumbaginaceae) – эки үлүштүү өсүмдүктөрдүн тукуму. Көп же бир жылдык чөп ж-а чала бадал. Жалбырагы жөнөкөй, сабакта кезектешип жайгашат, алардын жээги тегиз, сүйрү же тасмадай, кээде ичке, тикендей, чанда канаттай тилкелүү. Гүлү туура түзүлүштүү, эки жыныстуу, чөйчөкчөсү 5–10, өсүмдүк бышып жетилгенде деле күбүлүп түшпөйт, бири-бири м-н биригип, 5–10 бөлүктүү түтүкчөнү түзөт, көбүнчө мала же күлгүн кызыл. Желекчелери 5, өз-өзүнчө болуп, биригип өспөйт, кээде түп жагы эле түтүкчөдөй. Аталыгы 5, үстүнкү энеликтүү, ал беш мамычалуу, тоголок чаң алгычтуу. Мөмөсү – бир уруктуу, капкакчалуу кутуча. Желекчелери күлгүн, мала, кочкул кызыл, сары же ак. Топ гүлү машакчадай, шыпыргыдай, чанда тоголок, алар жалбыраксыз, узун сабакка чогулган. К-дин 15 уруусу, 500 түрү Түн. жарым шардын тропик эмес бөлүгүндө негизинен Евразия, Жер Ортолук деңиз жээгинде кездешет. Кырг-нда 4 уруусунун 40тан ашуун түрү жарым чөлдө, кургак боздоңдо, таштак адырда, кээде шордуу такырда өсөт. Айрым түрү ашаткыч, боёк алынуучу ж-а кооз өсүмдүк катары колдонулат.