КЕРМЕ
КЕРМЕ , ж а а – 1) көркөм кол өнөрчүлүктүн өрмөкчүлүк багытында колдонулуучу аспап. Ал –
жаа түрүндөгү жыгач. Жыгачтын эки учу жоон кайыштар м-н тартылып, ага жыгачтан жасалган сыдыргы кийгизилет. Керилген кайышка ичке тал-тал болуп тилинген көктү өрүшкөн;
2) эки боз үйдүн аралыгындагы кош мамынын ортосуна 1–1,5 м бийиктикте керилген аркан.
Ага таң ашырылуучу күлүк, суутулуучу аттар байланган.