КЕРКИРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:49, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́РКИРА – Грекиядагы шаар. Керкира ному­нун (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Керкира (Корфу) а-нда жайгашкан. Калкы 25,6 миң (2008). Иония деңизиндеги порт. Эл аралык аэро­порту бар. Б. з. ч. 4-к-да негизделген. 19-к-дын неоклассикалык арх-ра комплекстери м-н ай­ырмаланат. Шаардын борб. бөлүгүндөгү о. кы­лымдын курулуштары Бүткүл дүйнөлүк мурас­тын тизмесине киргизилген. Шаар ландшафты­нын эки доминантасына Эски (Пале-Фьорио) ж-а Жаңы (Нео-Фьорио) венециялык чептер кыз­мат кылат. Эски чепте (1550–59; учурда музей) Ыйык Георгий чиркөөсү ж. б. жайгашса, жа­ңысында туризм өнүгүп, Грекиянын Аскер-де­ңиз флоту жайгашкан. К-нын башкы аянтын-

Шаардын жалпы көрүнүшү, арткы планда эски чеп.


да Ыйык Михаил ж-а Георгий ак сарайлары (1819–24), муз. павильон, монумент, чиркөөлөр, Агиа-Керкира базиликасынын урандылары ж. б. бар. Шаардын экономикасынын негизин турист бизнеси түзөт. Тамак-аш (сүт, эт, май­сыр; кинкандан ликёр даярдалат), текстиль ө. ж. ишканалары ж-а самын кайнатуучу з-д иштейт. Деңизден балык кармалат. Иония ун­ти (1824, Иония академиясы; 1985-жылдан азыркыдай аталат), музейлер (а. и. археол., карапа, банкнот ж. б.), иск-во галереясы, театр­лар бар. Фестивалдар ж-а жыл сайын карна­валдар (17-к-дан) өткөрүлүп турат. Аквапарк курулган. Шаардан түштүктө Артемида дорий (б. з. ч. 6-к-дын башы) ж-а Гера храмдары­нын урандылары (б. з. ч. 4-к.) ж. б. сакталган. К-дан батышта маанилүү курорт борбору Палео­кастрица жайгашкан.