«КАРАЧ-КӨКҮЛ БАЯНЫ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:17, 3 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КАРАЧ-КӨКҮЛ БАЯНЫ» – кыргыз эл жомо­гу. Анда сыйкырдуу кара күчтөргө каршы Көкүл баатырдын күрөшү баяндалат. Эл арасында ал «Көкүл», «Карач дөө», «Көчпөсбай» деген аттар менен да белгилүү. «Көкүл» жомогунун текстин 19-кылымдын 2-жарымында европ. окумуштуулар (мис., А. Вамбери) жазып алган. Адегенде «Карач- Көкүл баяны» жөө жомок түрүндө айтылып келген. Жомоктун үч варианты бар: биринчисин Ырсаа­лы Байырман уулунан К. Мифтаков 1923-жылы жа­зып алган; экинчисин Өзбеков Карынак «Көч­пөсбай» деген ат менен ыр аралаш кара сөз түрүндө айткан; үчүнчүсү – Ташматов Досунун ыр түрүн­дөгү варианты, бул вариант «Карач- Көкүл баяны» деген ат менен басмадан чыккан (1975). Жомоктун неги­зинде У. Сарбагышев «Көкүл» пьесасын жазган. «Көкүл» жомогу казактарда да айтылат.